Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:40

Индонезиянын эки мейманканасындагы жардыруудан кеминде сегиз киши каза тапты


Өлкө башкааласы Жакартадагы Ritz-Carlton и Marriott меймканаларында жасалган жардыруулар удаа болгон. Андан каза тапкан сегиз кишиден тышкаары дагы 50дөй киши жаракат алган. Полициянын маалыматына караганда, жардырууну мейманканаларга конок катары кирген эки жанкечти жасагандай. Жардыруулар үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек.

Өлкөнүн жакында дагы бир мөөнөткө кайра шайланган президенти Банбанг Юдхойоно бул окуядан соң элди биримдикке чакырды.

Ал эми АКШ президенти Барак Обама анын өкмөтү Индонезияга экстремизмге каршы күрөштө жардам берүүгө даяр экенин белгиледи.

Жакартагы Mariott мейманканасында 2003-жылы да жардыруу жасалып, анда 12 адам каза тапкан эле.

XS
SM
MD
LG