Шаршембиде бул уюмдун жумурияттагы активисти Наталя Эстемирова киши колдуу болгон эле. "Мемориалдын" өкүлү Александр Черкасов Чеченстанда иштөө өмүр үчүн коркунучтуу болгондуктан, кесиптештери ишин улантууну каалаган күндө да, алардын өмүрүн тобокелге салууга болбой тургандыгын билдирди. Эстемированы белгисиз адамдар Грозныйдан уурдап кетишкенден кийин, өлүгү коңшулаш Ингушетиядан табылган.