Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:46

Талапкерлер үгүт иштерин улантышууда


Ушул тапта президенттикке талапкерлер жер-жерлерде шайлоочулары менен жолугушууну улантышууда.

Бириккен элдик кыймылдын бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаев бүгүн Токмок шаарынын шайлоочулары менен жолугушту. Талапкердин штабынан билдиришкендей, жолугушуу тынч өтүп, ага миңден ашуун адам катышты. Бүгүн кечке жуук А.Атамбаев Бишкек шаарындагы улуттук филармониянын алдында шайлоочулар менен жолугушуу уюштурмакчы.

«Ак шумкар» партиясынын лидери, президенттикке талапкер Темир Сариевдин үгүттөө тобу да бүгүн эртең менен Токмок шаарындагы шайлоочулардын көңүлүн бурууга аракет жасашты. Т.Сариев өзү бүгүн кечке жуук Сокулук районунун Күн-Туу айылында шайлоочулар менен жолугушуу өткөрмөкчү.

Ал эми бул жолку президенттик шайлоодогу жалгыз талапкер айым Токтайым Үмөталиева учурда Жалал-Абад облусунун Өзбекстан менен чектешкен аймактарын кыдырып жүрөт. Бүгүң эртең менен Базар-Коргон районунда болгон талапкер айым ушул тапта Ноокен районунун Чек айылында эл менен жолугушуу өткөрүүдө. Түш оой ал Жалал-Абад жана Кочкор-Ата шаарларында эл менен жолугушуп, кечинде ордо калаага кайтмакчы.

Дагы бир президенттикке талапкер Нурлан Мотуев учурда Бишкек шаарында. Анын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, бүгүн түштөн кийин талапкер Бишкек шаарынын жаңы конуштарындагы шайлоочулар менен жолугушууга чыкмакчы. Буга чейин ал өлкөнүн бир катар аймактарында болуп, «Дизель» интернет форумунда (www.diesel.elcat.kg) он-лайн жыйын өткөргөн.

Учурдагы президент жана президенттикке талапкер Курманбек Бакиев да ушул тапта Бишкек шаарында. Бейшемби күнү ал Бишкек шаарындагы Арча-бешик жаңы конушунда жергиликтүү эл менен жолугушуу өткөрүп, 17-июлда Талас облусун кыдырган.

Президенттикке талапкер, доктор Жеңишбек Назаралиев болсо өлкөнү түрө кыдырбаганы менен буга чейин айрым аймактарда болууга үлгүргөн. Кечээ ал Токмок шаарындагы шайлоочулар менен жолугушкан. (IJz)

XS
SM
MD
LG