Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:08

Ысык-Көлдө акыйкатчылардын форуму аягына чыкты


Кечээ Ысык-Көлдө Акыйкатчылардын эл аралык үчүнчү форуму соңуна чыкты. Ага дүйнөнүн 17 өлкөсүнөн келген акыйкатчылар катышып, дүйнөдөгү адам укуктары жатындагы абал талкууланды. Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун “Азаттыкка” билдиргендей, форумдун жыйынтыгында башкы эки резолюция кабыл алынды. Биринчиси, акыйкатчылар ушул сыяктуу жыйындарды мындан ары да өткөрүп турууга макулдашкан резолюция. Экинчиси, жалпы адам укуктарынын сакталышы тууралуу болуп, акыйкатчылар бирдиктүү электрондук маалымат алмашуу порталын ачууга макулдашышты.

Белгилүү укук коргоочу Азиза Абдрасулованын айтымында, форумга укук коргоо жаатында адистешкен көптөгөн бейөкмөт уюмдары да катышып, Кыргызстандагы адам укуктары жаатындагы абал тууралуу кеңири сөз болду. Акыйкатчы Турсунбек Акун билдиргендей, кыргызстандык укук коргоочулар көтөргөн маселелерге акыйкатчылар тобу абдан кызыгып, көбү алардын сунуштарына тилектештигин билдиришти. Негизинен укук коргоочулар форумда Кыргызстанда жалпысынан адам укуктары чектелип жатканы, тынч жана куралсыз митинг өткөрүү, сөз эркиндиги сыяктуу маселелерди көтөрүп чыгышкан. (IJz)

XS
SM
MD
LG