Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:27

АКШ армиясы талибандын «үгүт» тасмасын айыптоодо


Армиянын Кабулдагы өкүлдөрү Интернетте талибдер жайгаштырган видеотасмадагы киши дайынсыз жоголгон америкалык аскер экендигин бышыкташты жана анын үгүт максатына пайдалангандыгын айыптады. АКШ армиясынын Ооганстандагы маалымат катчысы полковник Грег Жулиан бул аскерди бошотуп алуу аракети жүрүп жаткандыгын билдирди. 28 мүнөттүк видео тасма ушул апта соңунда интернетке чыкты. Анда америкалык аскер туткун болуш кыйын экенин айтып, үйүмдү кайра көрө албайм деп коркуп жаткандыгын айтат. Ал оогандардын улуттук киймин кийип, жерде малдаш токунуп, дасторкондон улам бир нерсени оозуна салып отурат. Армиянын маалыматына ылайык, бул аскер июнь айында чыгыштагы Пактика дубанындагы согуштук базадан үч ооган кесиптеши менен сыртка чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

XS
SM
MD
LG