Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:17

Игорь Чудинов шайлоо камылгаларын текшерди


Президенттик шайлоо боюнча республикалык штабдын башчысы, премьер министр Игорь Чудиновдун катышуусунда өткөн селектордук жыйын шайлоо камылгалары канагаттандырарлык деп баалады. Жыйынга катышкан тиешелүү министрлердин маалыматтарына караганда шайлоо күнү байланыш жана электр кубаты ырааттуу иштеп, коомдук тартип милициянын көзөмөлүндө турат.
Селектордук жыйынга БШКнын, Транспорт жана байланыш, Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары, Ички иштер, Башкы прокуратура тармактарынын жетекчилери катышып, губернаторлор, облустук шайлоо комиссия башчылары телефон аркылуу байланышка чыгышты. Премьер-министр Игорь Чудинов жыйындын катышуучуларын шайлоочулардын добуш берүүгө активдүү катышуусун камсыздоого, алыскы аймактардагылардын добуш берүүсүнө өзгөчө маани берүүгө чакырды. Транспорт жана байланыш министри Нурлан Сулаймановдун айтымында өлкө боюнча байланыш жетпеген 24 аймак бар. (BuS)

XS
SM
MD
LG