Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:04

БШК шайлоого толук даяр


БШК төрагасы Дамир Лисовский бүгүн Боршайком жана аймактык шайлоо комиссиялары 23-июлда өтө турган президенттик шайлоого толук даяр экендигин жарыялады. БШКнын кеңейтилген бүгүнкү жыйынына өкмөт башчы Игорь Чудинов, бир катар министрлер, губернаторлор, райондук жана шаардык шайлоо комиссияларынын башчылары катышышты. БШК төрагасынын билдирүүсүндө белгилүү себептер менен 23-июлда шайлоога катыша албаган 17 миң жаран үчүн алдын-ала добуш берүү уюштурулду. Мындан ташкары тийиштүү шайлоочулар үчүн 8213 айрып алма талондор берилди. Дамир Лисовскийдин айтымында, бүгүнкү күнгө республика боюнча 2333 шайлоо участкасы түзүлүп, 56 райондук шайлоо комиссиялары түптөлүп бүттү. Дүйнөнүн 23 өлкөсүндө 49 шайлоо участкасы ачылды. 2 млн. 872 шайлоо бюллетендери басылып, алар бардык аймактарга жеткирилип бүттү. (EK)

XS
SM
MD
LG