Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:47

Президенттикке талапкерлердин үгүт иштери аяктайт


Бүгүн талапкер Курманбек Бакиев кечке маал Бишкектин Спартак стадионунда Орусиянын эстрада жылдыздарынын катышуусундагы концертке катышуусу күтүлүүдө.

“Ак шумкар” партиясынан президенттикке талапкер Темир Сариев бүгүн Жайыл районунда Панфилов айылында андан соң Кара-Балталыктар менен жолугушуу өткөрүп, кечинде Бишкектин Тунгуч кичи районунда эл менен соңку жолугушуусун өткөрөт. Ал кечээ Асанбай кичи районунда жана Беловдоскиде шайлоочулар менен жолугушту.

Айымдардан жалгыз талапкер Токтайым Үмөталиева болсо Дордой жана Орто-сай базарларында эл менен жолугушуп, түштөн кийин маалымат жыйынын өткөрүп Жалал-Абаддагы үгүт сапарынын жыйынытыгы, Ноокен районундагы Чек айылынын маселеси, чек арадагы көйгөлөр тууралуу айтып берип, шайлоо алдында элге кайрылуу жасайт.

БЭКтен бирдиктүү талапкер Алмазбек Атамбаев бүгүн Кемин районунда жолугушуу өткөрүп келип, Бишкекте үгүт сапарын аяктайт.

Талапкерлер Жеңишбек Назаралиев менен Нурлан Мотуевдин шайлоо штабынан маалымат ала алган жокбуз. (AJ)

XS
SM
MD
LG