Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:11

БЭК куугунтуктар күчөп атканын билдирди


Бүгүн уюштурулган маалымат жыйынында президенттикке талапкер Алмаз Атамбаевдин штаб башчысы, СДП фракциясынын башчысы Бакыт Бешимов Бириккен оппозиция лидерлерине каршы мыйзамсыз аракеттер тынымсыз жүрүп жатканын билдирди. Анын айтымында кечээ оппозициялык лидерлердин бири Дүйшөн Чотоновдун үйүнө күйүүчү зат ташталган, мурдараак Болот Шерниязовдун кампасы өрттөлгөн. Маалыматка караганда ошондой эле бириккен оппозиция өкүлдөрүн телефон аркылуу коркутуу, үйлөрүнө келип опузалоо, участкалык шайлоо комиссияларындагы мүчөлөрүнө кысымдар күчөөдө. Парламентарий президенттик шайлоого байланышкан бардык мыйзам бузуулар үчүн бийлик жана БШК жоопкер экендигин белгиледи. (BuS)

XS
SM
MD
LG