Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:57

Кыргыз балбандары Украинада күч сынашат


Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Украинада өтчү "Азовмаша" кубогу үчүн мөөрөй талашат. Мелдеш 22-28-июль күндөрү Мариуполь шаарында өтүп, ага Орусия, Украина, Түркия жана башка өлкөлөрдөн спортчулар чакыруу алышкан. Кыргызстандан бул турнирге чоюн билектер: Арсен Эралиев, Магомед Мутаев, Азиз Бейшалиев, Азат Бейшебеков, Азамат Эркинбаев, Нурбек Ибрагимов катышышат. Ошондой эле "Азовмаша" кубогу үчүн мелдешке Бээжинде өткөн Олимпиадада грек-рим күрөшү боюнча күмүш жана коло медалга татыган балбандар Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев да бараары күтүлүүдө. (EK)

 

XS
SM
MD
LG