Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:06

АКШ Украинанын НАТОго мүчөлүгүн колдойт


Бул тууралуу бүгүн Киевде Кошмо Штаттардын вице-президенти Жо Байден украин жетекчилиги менен жолугушуудан кийин билдирди. «Украина тышкы саясатта ким менен дос болоорун өзү чечет» деп айтты Байден. Вице-президент эртең Грузияга барат. Ал бул ирет эки мамлекетти АКШ азыр Орусия менен мамилени жакшыртууга аракет кылып жатканы «Американын бул эки өлкө менен алакаларына терс таасирин тийгизбейт» деп ишендирүүнү каалайт. Орусия Украина менен Грузиянын НАТОго мүчө болушуна каршы пикирин билдирип келет.

XS
SM
MD
LG