Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:04

Аксы акими атамбаевчилерди сестенттиби ?


Президенттикке талапкер А. Атамбаевдин Аксыдагы штабынын өкүлдөрү райакимди жана шайлоо комиссиясынын төрагасын шайлоону таза өткөрүүгө чакырды. Бул тууралу БЭКтин аймактагы координатору Кадыркул Өмүрбеков билдирди. Алар кезексиз добуш берүү күмөн санатып, жер –жерлерде сатып алуулар болуп, административдик ыкма бар экендигин белгилешти. Шайлооком төрагасы мыйзамды сактоого убада берди. Район акими Талант Орозов мыйзам бузууларды далилдөөнү талап кылды. Ал А. Атамбаевдин «балта –чот камдалуу» деген сөзүнө айбалта даяр экенин билдирип, коркутту . "Ушундай сөздүү акимден эмнени күтөбүз?"- дейт К. Өмүрбеков. Талант Орозов өз кезегинде акимди «курмандыкка чалгысы келген» Атамбаевге тамаша узатканын билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG