Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:39

Свердлов райсоту жарандык уюмдардын арызын карайт


Бүгүн Свердлов райсотунда “Менин тандоомдун мезгили” жарандык уюмдар бирикмесинин доо арызы каралат. Бул тууралуу аталган бирикменин координатору Асия Сасыкбаева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, кечээ каралуучу соттук териштирүүгө Свердлов райондук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү келген эмес. “Менин тандоомдун мезгили” жарандык уюмдар бирикмесинин сотко кайрылуусуна мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүү мыйзам бузуулар менен коштолгону себеп болгон.

БШК дан болсо мөөнөтүнөн мурда добуш берүүдө олуттуу мыйзам бузуулар болбогонун, шайлоо өнөктүгү мыйзамдын чегинде жүргүзүлүп жатканын кабарлашты. (AJ)

XS
SM
MD
LG