Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:26

Нурбек Токтакуновго пикетке чыгууга тыюу салынды


"Ала-Тоо" аянтына нааразылык акциясына чыккан адвокат Нурбек Токтакунов акциянын аягына чыкпай кетүүгө аргасыз болду. Себеби Биринчи май райондук акимияты анын пикетке чыгуусуна тыюу салды. Акимияттын мындай чечимин милиция кызматкерлери адвокатка көрсөтүп, пикетти токтотууну талап кылышты. Эми Нурбек Токтакунов бул иш боюнча Конституциялык Сотко кайрылганы жатат.

Анын мындай акцияга чыгуусуна бир катар укук коргоочулардын датын угуудан Конституциялык Соттун баш тартышы себеп болду. Укук коргоочулар Азиза Абдырасулова, Дмитрий Кабак жана Нурлан Токтакунов 24-июнда Конституциялык Сотко "Жарандардын куралсыз, тынч чогулуусу жөнүндөгү" мыйзам Баш мыйзамга каршы келет деп чечим чыгарып берүүнү өтүнүп кайрылышкан. Бирок Конституция өтүнүчтү кароого негиз жок деп эсептеген. (AzK)

XS
SM
MD
LG