Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Көлдүн шаарларын өнүктүрүүгө 30 млн.доллар бөлүндү


“Ысык-Көл регионунун туруктуу өнүгүүсү” долбоорунун өкүлдөрүнүн билдиришинче, бул каражаттын эсебинен областтын Каракол, Чолпон-Ата, Балыкчы шаарларын суу менен камсыздоо жана санитардык абалды жакшыртуу пландалып жатат. Азия өнүктүрүү банкы тарабынан берилип жаткан 30 миллион доллар каражаттын жарымы грант түрүндө, калган бөлүгү өкмөттүн кепилдиги астындагы кредит түрүндө берилет. “Экологияны сактамайын туристтик аймакты өнүктүрүү мүмкүн эмес”, - деп белгилейт долбоордун регионалдык тобунун өкүлү Джон Миллер. Долбоор 2010-жылдын август айынан баштап ишке ашырыла баштайт.(AzK)

XS
SM
MD
LG