Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:09

Спортчулар - чагым чыгаруу куралыбы?


Коомчулукта шайлоо боюнча нааразылык акцияларына чыккан элге атайын даярдалган спортчулар каршы коюлат экен деген пикирлер айтылууда.

Саясат талдоочу Табылды Акеровдин баамында, эгерде шайлоонун жыйынтыктарына каршы эл нааразы болуп көтөрүлсө, бийлик тарабынан Кожомкул атындагы спорт сарайында, “Дельфин” бассейинде жана башка спорт жайларда атайын даярдалган спортчулар коюлушу мүмкүн.

-2005-жылдын 24- мартында дагы “ак шапкечен” спортчулар таяктар менен чогулган элди коркута турган болгондо, митингиге чогулган эл күчтүү дем менен келгендиктен аларды кайрадан кууп, Ак үйгө чейин кирип барып, ыңкылап болгон. Президент Аскар Акаев болсо качып кеткен. “Ак шапкечендер” ыңкылаптын катализатору болушкан. Мына ошентип бүгүнкү бийлик орноп калган. Учурдагы бийлик дагы ушундай жол менен элге каршы спортчуларды тукурса, ошондой кырдаал түзүлгөндөй болуп турат. Спортчуларды бийлик да, оппозиция дагы өз кызыкчылыктарына пайдаланбашы керек. Алардын милдети эл аралык деңгээлде өлкө намысын коргоо болуп саналат.

Мындай пикирге шахмат боюнча уландар арасында Азиянын эки жолку чемпиону Семетей Төлөгөн тегиндин устаты Төлөн Исаев да кошулуп, Бишкекте бийлик спортчуларды атайын чагым чыгаруу үчүн даярдап жатканын айтты. Ал спортчуларды саясатка аралаштырбоо керектигин “Азаттыкка” билдирди.

Бишкек шаардык спорт комитетинин жетекчисинин орун басары Даулет Досалиев мындай маалыматтарды төгүндөп, спорт жайларда эч кандай спортчулар даярдалбай турганын айтты.

Ал эми Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитовдун айтымында бүгүнкү президенттик шайлоодо коопсуздукту сактоого милициянын күч-кубаты жетет.

-Бул үчүн 5 миңден ашуун милиция кызматкерлери шайлоо участокторуна бөлүнүп, аларга ыктыярдуу элдик кошундардын мүчөлөрү жардам беришет. Президенттик шайлоонун коопсуздугун камсыз кылууда милициянын мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү.

2005-жылдын 24-мартында нааразычылык акциясына чыккан элге каршы чыккан “ак шапкечен” спортчуларды экс-президенти Аскар Акаевдин уулу, ошол учурдагы бокс федерациясынын президенти Айдар Акаев, Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты, маркум Жыргалбек Сурабалдиев, Бишкектин учурдагы мэри Нариман Түлеев, Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Каныбек Иманалиев жана башкалар уюштурган деген божомолдор айтылганы менен алигиче аныгы билинип, укуктук-саясый баа бериле элек.

Учурдагы өлкө башчысы Курманбек Бакиевдин эки уулу Марат Бакиев менен Максим Бакиев жана бир нече министрлер спорт федерацияларын жетектеп турушат. Маселен, президенттин тун уулу Марат ок атуу жана дзю-до спорт федерацияларынын президенти, кичүү уулу Максим өлкөнүн жалпы күрөш федерациясынын жетекчиси. Ал эми иниси Адыл каратэ-до федерациясына президент.

Булардан сырткары мамлекеттик бийик кызматтагы Акылбек Жапаров, Марат Султанов, Тажикан Калимбетова, Молдомуса Конгантиев, Элмурза Сатыбалдиев, Айбек Алыбаев, Абдубакыт Халмурзаев , Акматбек Келдибеков, Курманбек Темирбаев жана башкалар спорт федерацияларына президенттик жүктү кошо аркалашат.

Ага жараша мамлекеттик чиновниктер каражат жагынан спорт тармагын колдоого алып келаткандыктан, спортчулар аларга көз каранды болуп, айткандарын аткарып, аргасыздар саясатка аралашып келатышат деген пикирлер да калк ичинде айтылып жүрөт.




  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG