Линктер

жума, 20-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:54

СДП: Шайлоо жыйынтыгын чыгарган протокол кармалды


“Ош шаарындагы 278-шайлоо участогунда президенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыгын чыгарган протколду СДПнын Оштогу өкүлдөрү кармап алып азыр акт түзүүдө”,- деп билдирди СДПнын штабынан. Маалыматка караганда, Ош шаарындагы айыл чарба техникумунда жайгашкан 278-шайлоо участогунун төрайымы Т.Г. Медведева шайлоонун жыйындыгын чыгарган протоколго комиссиянын мүчөлөрүнө кол койдуруп, даярдап койгон жеринен СДП мүчөлөрү үстүнөн чыкканда ал протоколдун эки көчүрмөсүн айырып жибергенге үлгүргөн.

Ош шаардык шайлоо комиссиясы учурда отурум өткөрүп жаткандыгынан улам шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Пайзилдаев Муктар менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Бирок Ош шаардык комиссиясынан бул маселени тактап беришерин айтышты. (AJ)
XS
SM
MD
LG