Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:30

Орус-кытай аскерий машыгуулары башталды


Муну азыр антитеррористтик жана антиэкстремисттик магышуу деп аташууда. “Тынчтык-2009” деп аталган аскерий машыгуулар Кытайдын түндүк-чыгышындагы Жилиң провинциясында башталды. Машыгуулар Кытайдын Шиңжаң-уйгур автономиясында кытайлар менен уйгурлардын этникалык кагылышууларынан бир нече аптадан кийин өткөрүлүп жатат. Ал жердеги кагылышууларда 200дөй адам набыт болгон. Ошол эле учурда, Орусия Түндүк Кавказда Ингушетия, Дагестан жана Чеченстанда акыркы мезгилдерде экстремисттик топтор жанданганын кайталап келет. Өздөрүндөгү экстремисттик топторго каршы күрөштү бирге жүргүзүүнү пландаган Бейжин менен Москванын машыгууларында 3 000 дей аскер жана абадан сокку уруучу күчтөр катышууда.

XS
SM
MD
LG