Жайлоого чыгып кеткен малчылар эгер кетээрде добуш берүү үчүн арыз берип кетпесе добуш бербей калуулары мүмкүндүгүн облустук шайлоо комиссиясынын катчысы Бейшенбек Турсунбаев билдирди. Анын айтымында, Ат-Башы районунда айрым мерчемдүү жерлеринде арыз берген топтошкон малчылар үчүн жеңил жашиктер барат. Ал эми калган арыз бербей алыскы жайлоолорго көчүп кеткен малчыларга барууга шарт жок, экинчиден алыс болгондуктан бир күндө кокту-колотторду кыдырууга болбойт. Анын үстүнө канча шайлоочу жайлоодо экендиги боюнча так маалымат жок. (JI)