Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:38

БШК жарандык коом отчетун Башпрокуратурага жолдоду



БШК jashtar.kg деп аталган сайттагы «Жарандык коомдор союзу» 15-июлда эле жарыялаган отчет шайлоо алдындагы мыйзамды бузат деген чечим кабыл алды. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Самат Бөрүбаевдин билдирүүсүндө, бул отчет боло элек шайлоого карата жыйынтык чыгарган документ болуп эсептелет жана Шайлоо кодексине каршы келет. Анын маалыматында, бул фактыны териштирүү үчүн матераилдар Башкы прокуратурага жөнөтүлдү. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын мындай чечимин жарандык коомдун өкүлдөрү "бет тырмоочулук" катары баалап жатышат. Төлөйкан Исмаилованын айтуусунда, алар отчетту БШКга 15-июлда эле тапшырышкан, бирок аталган сайтка өздөрү жарыялашкан эмес. Төлөйкан Исмаилова бул отчетту бийлик өзү ошол сайтка жарыялаган болушу мүмкүн деп болжолдоп жатат. Анын пикиринде, отчетту даярдоодо ал “алдын ала отчет” дебей, “жыйынтыктоочу отчет” делип техникалык жактан гана ката кетип калган. БШКнын мүчөсү Самат Бөрүбаевдин билдиришинче, бул жагдай "Жарандык коомдор союзун" шайлоодо байкоочулук укуктан четтетпейт (AzK)

XS
SM
MD
LG