Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:30

Кыргызстанда президенттик шайлоо башталды


БШКнын маалыматына караганда бүгүнкү күнгө республика боюнча 2333 шайлоо участкасы түзүлүп, 56 райондук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссиялары уюштурулган. Дүйнөнүн 23 өлкөсүндө 49 шайлоо участкасы ачылды. 2 млн. 872 миң 181 шайлоо бюллетендери басылып, жер жерлерге таратылган. Шайлоого жарамдуу 2 млн.718 миң, 818 атуул каттоодон өткөн. Бул саясий өнөктүккө 48 өлкөдөн эл аралык 516 байкоочу, бир катар чет өлкөлүк массалык маалымат каражаттарынан 85 өкүл БШКдан каттоодон өткөн. Ошондой эле өлкөдөгү 20 ашуун саясий партиялардын, жарандык коомдор бирикмесинин 3 миңге чукул байкоочулары байкоо жүргүзөт. Негизинен шайлоого алты талапкер катышууда. (AJ)

XS
SM
MD
LG