Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:23

К.Бакиев: Шайланып калсам реформа жүргүзөм


“Ак жол” партиясынын президенттике талапкери Курманбек Бакиев жарандык милдетин аткарып, Бишкектеги № 1223 шайлоо участогунда добушун бергенден кийин журналисттер суроолоруна жооп берди. Ал эгерде президенттике кайрадан шайланып калса башкаруу системасын жана билим берүү тармагын реформаларын билдирди. Бакиевдин пикиринде аткаруу бийлиги бирин-бири кайталаган органдардан арылып, чакан жана натыйжалуу болууга тийиш. Административдик ресурту пайдалануу боюнча "Азаттыктын" кабарчысынын суроолоруна жооп берген Курманбек Бакиев административдик ресурстун ага кереги жоктугу тууралуу буга чейин эле эскерткенин, ал эми айыптоолор негизсиз деп белгиледи. Курманбек Бакиев ошондой убадаларын аткарган адам экенин айтып, үчүнчү мөөнөткө шайлоого барбасын, ал үчүн өнүккөн, чатаксыз өлкө маанилүү экендигин билдирди.(AiT)

XS
SM
MD
LG