Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:16

Хельсинки комитети шайлоого катышпай калды


Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ норвегиялык Хельсинки комитетинин өкүлдөрүн байкоочу катары каттоодон баш тартты. БШК мындай чечимди Тышкы иштер министрлигинин өтүнүчү менен аталган уюмдун Кыргызстанда каттоодон өтпөгөндүгүнөн улам чыгарды. Хельсинки уюмунун баш катчысы Бёрн Энгесланд БШКнын мындай кадамы түшүнүксүз болгонун, анткени эл аралык байкоочулар сөзсүз эле Кыргызстандын Адилет министрлигинин каттоосунан өтүшү милдеттүү эмес экенин айтты. Аталган уюмдун Бишкектеги өкүлчүлүгү былтыр 10-ноябрда жабылган жана жетекчиси Ивар Далеге Кыргызстанга кирүүгө он жылга тыюу салынган. (EBM)

XS
SM
MD
LG