Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:15

Алмазбек Атамбаев добуш берди


Бирдиктүү Элдик Кыймылдын президенттике талапкери Алмазбек Атамбаев саат он экиден кийин Байтик баатыр жана Кулатов көчөсүнүн кесилишиндеги №5 кесиптик окуу жайында жайгашкан №1210 шайлоо участогунда добуш берди. Добуш берүүдөн кийин журналисттер менен жолугушкан Атамбаев анын жубайы жана кызы шайлоого катыша албагандыгын, коркутууларга байланыштуу чет өлкөдө экенин белгиледи. Атамбаевдин айтымында, система өзгөрүп, үй-бүлөлүк башкаруу жоюлууга тийиш. Эл берген добушун өзү коргоп калууга тийиш. Шайлоочулардын нааразылык толкунун токтотуу максатында бүгүн “Форум” ишканасында жана Максим Горький паркында концерттер уюштурула турганын Атамбаев кошумчалады.
Бул арада Атамбаевдин шайлоо штабынын жетекчиси Бакыт Бешимов маалымат каражаттарына билдирүү жасап, шайлоонун легитимдүүлүгү күмөн астында калып жатканын билдирди. Буга массалык мыйзам бузуулар, коркутуулар, ташуулар себеп болуп жатканын Бешимов белгилеген.(AiT)

XS
SM
MD
LG