Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:19

Кара-Кулжа: Оппозиция байкоочуларын кууп чыгышты


Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы №10 шайлоо участкасында Социал-демократтар жана “Ата Мекен” партиясынын байкоочуларын тартип коргоо кызматкерлери күч менен кууп чыгышты. Буга алардын шайлоо үкөгүнө 30-40 даана бюллетень таштоо фактысы боюнча акт түзүү аракеттери себеп болгон. Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын төрагасы Бакыт Бешимов бул президенттик шайлоодо болуп көрбөгөндөй административдик ресурс колдонулуп жатканын, ошондуктан азыртадан эле шайлоонун жыйынтыгын мыйзамсыз деп атоого болоорун “Азаттыкка” билдирди. Бүгүн президент жана президенттик талапкер Курманбек Бакиев “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып, административдик ресурс колдонулуп жатат, деген сөздөрдү жокко чыгарды. (EBM)

XS
SM
MD
LG