Борбордук шайлоо комиссиясынын соңку маалыматына караганда, шайлоочулардын 73,03 пайызы кечки саат алтыга чейин добуш беришти. Жалал-Абат облусунда өтө активдүүлүк байкалып, добуш берүү 82 пайызды түздү. Андан кийинки орунда Ош шаары (80%) жана Ош облусу (79,38%) турат. Эң пассивдүү шайлоочулар нарындыктар болду (59,69). БШК мындан мурдараак Кыргызстанда шайлоо өттү деп жарыялаган. Шайлоо кодексине ылайык, эгер шайлоочулардын теңинен көбү шайлоого катышсы шайлоо болду, деп саналат.Оппзициянын бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаев менен дагы бир талапкер Жеңишбек Назаралиев болсо шайлоону легитимсиз деп атап, А. Атамбаев мындан аркы шайлоо жараянына катышуудан баш тартты. (EBM)