Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:42

“Ак шумкар” шайлоо жүрүшүнө тынчсыздануу билдирди


“Ак шумкар” партиясынан талапкер Темир Сариевдин шайлоо штабы добуш берүү башталгандан тарта массалык жана одоно мыйзам бузуулар орун алганын билдирди. Бир эле жарандын бир нече жолу добуш бериши, шайлоочуларды чогултуп алып шайлоо участкаларына ташуу, талапкер Курманбек Бакиев үчүн бюллетендерди дүңүнөн салуу сыяктуу фактылар катталганын маалымдады. Партиянын саясий кеңеши административдик ресурстун ачыктан-ачык колдонулушун сынга алды. Шайлоо комиссияларынын баардык мүчөлөрүн мыйзам бузуулардын алдын алууга, шайлоону айкын өткөрүүгө болгон аракеттерди жумшоого чакырышты. (EBM)

XS
SM
MD
LG