Оппозициянын бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаевдин Бишкектеги “Форум” мекемесинин алдында концерт аяктап, митинг башталды. Маалыматтарга караганда, азыр ал жерде эки миңдей адам жана Бириккен элдик кыймылдын лидерлери топтолуп турат. Чогулгандардын алдына Алмазбек Атамбаев жана дагы бир талапкер Жеңишбек Назаралиев чыгып сүйлөдү. А. Атамбаев шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өткөндүктөн добуш берүүнү мыйзамсыз деп эсептешерин, Курманбек Бакиевди да президент катары тааныбай турганын дагы бир жолу баса белгиледи. Чогулган элди аягына чейин турууга чакырды. "Азаттыктын" кабарчысы Замира Кожобаеванын маалымдашынча, оппозиция мындан аркы кадамдарын азырыча ачыктай элек. Азыр "Ата Мекен" партиясынын төрагасы, БЭКтин өкүлү Өмүрбек Текебаев чыгып сүйлөп, "Бакиев кетсин!" деген ураандар кыйкырылып жатат. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо өткөнүн жарыялап, аны мыйзамсыз деп эсептөөгө негиз жок экенин айткан. (EBM)