Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:25

Македония Евробиримдик менен сүйлөшүүдө


Евробиримдик Македониянын союзга мүчө болуусу тууралуу сүйлөшүүлөрдү ушул жылы эле башташы ыктымал. Бул тууралуу Еврокомиссиянын атайын өкүлдөрүнүн бири Олли Рен Македониянын өкмөт башчысы Николай Груевский менен сүйлөшүүдөн кийин билдирди. Өз сөзүндө Олли Рен бул үчүн Македония октябрга чейин Евробиримдиктин бардык талаптарын аткарышы керектигин айтты. Македониянын бийлиги 2005-жылы эле Евробиримдикке мүчө болуу арызын жолдогон. Бирок Македониядагы реформалардын өтө жай жүргөнүнө байланыштуу сүйлөшүүлөр жанданбай келген.

XS
SM
MD
LG