Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:19

БШК: К. Бакиев 89,04% добушка ээ


24-июль, саат 9:47ге карата берилген маалымат боюнча 23-июлдагы президенттик шайлоого жалпы шайлоочулардын 79,38% катышты. Бул саатка карата жалпы өлкөдөгү 2333 шайлоо участогунун 956сы добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык, талапкерлерден Курманбек Бакиев 89,04%, Алмазбек Атамбаев 6,19%, Темир Сариев 1,7%, Жеңишбек Назаралиев 0,35%, Токтайым Үмөталиева 0,31%, а эми Нурлан Мотуев 0,29% добушка ээ болушкан. Бардык талапкерлерге каршы берилген добуш 1,14% түздү. Бул маалыматтар менен тааныштырган БШК төрагасы Дамир Лисовский жалпысынан президенттик шайлоо болуп өттү деп эсептелерин билдирди.
23-июлда болгон президенттик шайлоону эки талапкер: Алмазбек Атамбаев менен Жеңишбек Назаралиев легитимсиз деп аташып, добуш берүү күнү түштөн кийин шайлоого катышуудан баш тартышкан. Алар буга шайлоо күнүндө административдик ресурстун эбегейсиз колдонулгандыгын, шайлоо кодексинин жана КР мыйзамдарынын жергиликтүү бийлик, күч органдары жана шайлоо комиссиялары тарабынан өтө одоно бузулгандыгын себеп кылышууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG