Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:50

Добуш берүү Ош облусунда активдүү болду


БШКнын берген маалыматы боюнча 23-июлдагы президенттик шайлоодо добуш берүүнүн көрсөткүчү жагынан Ош облусу алдыга чыгып, шайлоочулардын 87,59% добуш берген. Андан кийинки орунда Жалал-Абат 86,54% менен турат. Добуш берүүнүн эң төмөнкү көрсөткүчү Бишкек шаарында болду. Борбор калаада шайлоочулардын 66% добуш берүүгө катышты.
БЭК БШКнын мындай көрсөткүчү менен макул эмес. Оппозициялык кыймылдын штабынан алынган маалыматка караганда тең жарымынан көбү сыртта миграцияда жүргөн Кыргызстанда мындай көрсөткүч болушу мүмкүн эмес. Өзгөчө элдин көпчүлүгү Орусия, Казакстанга нан табууга кеткен Ош облусунда мындай жогорку көрсөткүч болду, деп айтылганы таң каларлык, деп айтылат маалыматта.(ZKo)

XS
SM
MD
LG