Адам укуктарын коргоо боюнча эларалык Human Rights Watch уюму өзбек бийликтерин эки жылдан бери түрмөдө жаткан диссидент-акын Юсуф Жумаевди кыйноолор үчүн айыптады. Жумаевди өрткө салып, ур-токмокко алышканы, жалгыз камерада кармашканы айтылат. Аталган уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Холли Картнер өзбек бийликтерин Жумаевди тезинен түрмөдөн бошотууга жана аны кыйнагандарды жоопко тартууга чакырды.