Ооган бийликтеринин кабарына ылайык, Хост шаарында талибдер өкмөттүк имараттарга кол салышты. Жанкечтилер өздөрүн жардырып, куралчандар ок атып, граната жардырышты. Салгылашка америкалык аскерлердин тартылганы белгисиз. Хост Кабулдан 150 чакырым түштүктө жайгашкан.