Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:44

Апта: Шайланган Бакиев, терс бурулган байкоочулар


Кыргызстанда президенттик шайлоо болду. ЕККУнун байкоочулары шайлоону сынга алды. К. Бакиев башкаруу тармагын реформаларын билдирди

Шайлоого даярдык жана байкоочуларга урулган сокку

23-июлда болуп өткөн президенттик шайлоого бийлик катуу даярданды. Негизги атаандаш боло турган cоциал-демократтар алдын-ала алсыздандырылды. Партиянын активдүү жана капчыктуу мүчөлөрү бийликке тартылды же cоциал-демократтардын катарынан чыгарылды.

Эл аралык аренада да ийгиликтүү кадамдар жасалып, ыңгайлуу жагдайлар ыктуу пайдаланылды. Алгач Россияны канааттандыра турган
"Манас" аба майданынан АКШнын аскердик базасын чыгаруу чечими кабыл алынып, ага жараша өлкөгө олуттуу финансылык жардам алынды. Көп узабай АКШнын Ооганстанга артыкчылык берүү саясатына жараша "Манастын" ижара акысын көтөрүү ыңгайы пайдаланылды. Базаны Транзиттик борборго айлантуу менен шайлоо алдында Вашингтондун көңүлү да алынды.

Бийлик шайлоо алдында өкмөттүк эмес уюмдарды өзүнө тартууга аракет жасады. Бирок абройлуу жана белгилүү өкмөттүк эмес уюмдар ал кайырмакка илинген жок. Ошентсе да ал уюмдар президенттик шайлоо учурунда БШК менен кызматташууга барууну чечип, келишимге кол коюшту. БШКа менен келишимге барган “Менин тандоомдун мезгили” деп аталган бирикмеге алты өкмөттүк эмес уюм кирди. Алардын арасында “Атуулдук коом коррупцияга каршы”, “Демократия жана атуулдук коом үчүн” сыяктуу белгилүү уюмдар болду.

Бирикме үгүт өнөктүгүнүн жүрүшү боюнча байкоолорунун жыйынтыгын улам жарыялап, шайлоодо административдик ресурс опсуз пайдаланылып, мамлекеттик маалымат каражаттары бир талапкерге артыкчылык берип келатканын айтып келди.

Мындай маалыматтарды берип келген Бирикмеге 23-июлдун алдында БШК жана бийлик тараптан сокку урулду. Мунун натыйжасында Бирикменин лидерлери шайлоо күнү байкоо менен эмес, Башкы прокуратурада түшүнүк кат жазуу менен алек болуусуна алып келди.

Маселен, Бирикменин 15-июлда жарыяланган отчету “jashtar. kg” сайтына 21-июлда жарыяланышынан келип чыкты. БШК жана Президенттин катчылыгы ал боюнча жарандык уюмдарды боло элек шайлоого бүтүмүн чыгарды деп айыптап, кылмыш ишин козгоо менен коркутту.

“Атуулдук коом коррупцияга каршы” уюмунун лидери Төлөкан Исмаилова бийликтин бул аракетин атайын уюштурулган деп билдирди:

- Бул жерде бир гана техникалык ката кеткен. Анда жыйынтыктоочу отчет делип калган. А өзү алдын-ала отчет делиш керек эле. Бирок кеп анда эмес. Биз ал отчетту 15-июлда бергенбиз. Биз айтканбыз келе жаткан шайлоо күнүнө чейинки маалымат ушул дегенбиз. А булар болсо бет тырмарлык кылып жатат. Менин маалыматым боюнча “jashtar. kg” сайтына БШК өзү койду же Президенттин катчылыгы өзү койгон.

Талдоочулардын пикиринде, мына ушундай алдын-ала соку менен бийлик өкмөттүк эмес уюмдарды алсыратып, 23-июлдагы шайлоого Бирикме тарабынан бериле турган баанын кунун эл алдында кетирүүгө аракет жасады.

23-июлдагы президенттик шайлоого көптөгөн Эл аралык байкоочулар да көз салды. Алардын баасы күтүлгөндөй эле болду. Маселен, КМШ жана ШКУнун байкоочулары шайлоо ачык жана демократиялык мүнөздө өткөнүн билдирди.

Батыштан келген байкоочулар шайлоонун эл аралык стандартка туура келбегенин, олуттуу кемчиликтер менен болгонун ачыктады.

23-июль - президенттик шайлоо

Ошентип президенттик шайлоо 23-июлда болду. Борбордук шайлоо комиссиясынан 25-июлда алынган маалыматка караганда, добуштардын 95% ашууну саналып бүттү. Ал боюнча Курманбек Бакиев 83% ашуун, Алмазбек Атамбаев 8% жакын, Темир Сариев 3% жакын, калган үч талапкер 0,5% тегерегинде добуш алды.

Курманбек Бакиевди жеңиши менен Тажикстан президенти Эмомали Рахмон алгачкылардан болуп, андан кийин өзбек президенти Ислам Каримов куттуктады. Ал эми Курманбек Бакиевдин негизги атаандаштары болсо шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартып, аны легитимсиз деп жатат. Бирок Алмазбек Атамбаев менен Жеңишбек Назаралиевдин 23-июлда түш ченде шайлоону легитимсиз деп, байкоочуларын чакыртып алуусу карама-каршы пикирлерди жаратууда.

Алмазбек Атамбаевдин бул чечимди өзү мындай түшүндүргөн эле:


- Агайын-туугандар түшүнгүлө, эгерде бул шайлоо болбой калды дебесек, анда биз жалган документке мөөр коюп бермекпиз. Мына эми мотуев-сотуевдер эки-үчөө калды ошолор мөөр коюп берсин. Биз койбой койдук. Анткени бул шайлоо болгон жок. Шайлоо болгон жок! Элди кайрадан алдап жатышат. Ошондуктан биздин талап, мындай бийликтин бизге кереги жок. Нормалдуу шайлоо керек. Кайрадан таза шайлоо болуш керек.

Акыркы мезгилде Атамбаевдерге атаандаш болуп жаткан «Ак шумкар» партиясынын лидери, президенттике талапкер Темир Сариев Назаралиев жана Атамбаевдин байкоочуларын чакырып кетүүсү бурмалоолорду күчөттү деген пикирин айтты:

- Анткени мына менин алдымда маалымат турат, саат он экиге карай 1 миллион 300 миң катышты десе, 21:00дө 2 миллион 300 мин катышты деп коюшту. Саат бир-экилерден баштап (Атамбаев жана Назаралиев) байкоочуларын алабыз дегенде бир миллионго жакын бюллетендер ыргытылды, деген Темир Сариев шайлоодогу бурмалоолор, мыйзам бузуулар боюнча протоколдор, документтерди топтоп БШКга жөнөтүп жатышканын жана БШКнын жыйынтыгы чындыкка туура келбесин кошумчалады.

«Ар-намыс» партиясынын лидери Феликс Кулов Атамбаев жана Назаралиевдин кадамын популисттик кадам катары баалады.

Бириккен элдик кыймылдын лидерлери болсо шайлоонун бурмаланганы боюнча документтерди топтоп, андан кийин кандайдыр бир кадамдарды жасоого барышарын билдирүүдө.

Алмазбек Атамбаев алардын азыркы кездеги негизги максаты Балыкчыда камакка алынган 18 баланы бошотуп алуу экенин айтты:

- Келечек кадамдарыбызды азыр тактап жатабыз. Айтыш эртерээк болуп турат. Бирок биринчи кадамыбыз Ысык-Көлдө камакта отурган 18 жигитибизди боштондукка чыгаруу. Эки депутатыбыз чыкты. Биринчи кадамыбыз мына ошолорду чыгармай.

Курманбек Бакиевдин кадамдары кандай болот?

Ошентип, 23-июлдагы президенттик шайлоо соңуна чыкты. Күтүлгөндөй эле анда Курманбек Бакиев жеңишке жетишти. Байкоочулар белгилегендей, шайлоодо административдик ресурс опсуз пайдаланылып, бюджеттик жана мамлекеттик кызматкерлер талапкерге кол топтоодон тартып, добуш берүүгө чейин бекем көзөмөлдө турду.

Маалымат каражаттарында, өзгөчө элге өтө таасирлүү телеканалдарда бир гана талапкерге артыкчылык берилип, президент Курманбек Бакиевдин ишмердүүлүгү менен талапкер Курманбек Бакиевдин үгүтү жалгаштырыла чагылдырылды.

23-июлда добуш берүүгө келген Курманбек Бакиев эгерде жеңишке жетишсе башкаруу системасын жана билим берүү тармагын реформалаарын билдирди:

- Биз төрт жылдын ичинен эки жыл гана тынч иштедик. Эки жылда тынч иштеп экономикада ийгиликтерге жетиштик.Экономикада алгылыктуу реформаларды жасаганга да жетиштик. Эми мына буйруса экинчи мөөнөткө шайлансам, биринчи кезекте башкаруу системасында реформалар башталат. Андан кийин билим берүү тармагында. Себеп дегенде билим берүү тармагын реформалоо боюнча концепциямды жарыялаганмын. Билим берүү жана өзгөчө башкаруу системасын реформалабасак болбой калды. Бүгүнкү мезгилдин талабына ылайык келе турган структура түзүшүбүз керек. Бирин-бири кайталаган структураларды кескин кыскартышыбыз керек. Ошону менен бийлик структурасы чоң болбой, бүгүнкү шарта ылайыктуу, ыңгайлуу структура болуш керек.

Кыргызстандын бийлик системасында президенттик администрация менен өкмөттүн аппараты бири-бирин кайталаган структура экени мурдатан айтылып келет. Реформа бул жогору жакты камтыры азырынча белгисиз. Өлкөдө административдик-территориялык реформа жүргүзүү же облустарды жоюп, райондорду ирилештирип аймактарды түзүү демилгеси көтөрүлгөн. Бирок ал боюнча терең иликтөө жана талдоо иштери жүргүзүлгөнү белгисиз.

Ошондуктан башкаруу система реформаланат дегенде ал кайсы багытта жана кандай тереңдикте болоору белгисиз.

“Ак жол” фракциясынын лидери Улукбек Ормонов башкаруу системасын реформалоо кандай болоору тууралуу буларды билдирди:


-Мен ойлоймун, бул мурунтан эле план менен келаткан облустарды жою маселеси бар. Ушул административдик башкаруу системасын өзгөртүп, аймактарды түзүү, райондорду бириктирүү боюнча маселелер коюлуп келген. Мына ошол иштер башталат деп ойлоймун.

Ал эми экономикада бийлик аткара турган иштер арбын. Алардын эң орчундуусу Камбар-Ата-1 ГЭСин орус тарап менен кура баштоо. Бул долбоорду ишке ашыруу боюнча келишимге кол коюлган менен андан бери алгылыктуу иш жүргөнү байкала элек.

Ал эми Россиянын 300 миллион доллар насыясы республиканын Өнүктүрүү фондуна берилип, анын жетекчилигине Алексей Елисеев дайындалды. Акаевдин мезгилинде Калиев, Шершов деген ысымдар экономиканын бардык тармагында турган болсо, азыркы бийлик тушунда 35 жаштагы Елисеев “алтын” балага айланган мезгил. Ал бир эле мезгилде “Кыргыз алтындын” директорлор кеңешинин төрагасы , Кумтөр маселесин чечүүдө негизги ролго коюлган, Борбордук шайлоо комиссиясында болсо көмүскө төрага ролун аткарып келатканы айтылууда. Елисеев андан сыртары Россиянын тартип коргоо органдары арам акчаны адалдоого тиешеси бар деп шектенген “Азиа универсал банктын” директорлор кеңешинин төрагасынын да орун басары. Эми мына Елисеев мырза Россиянын 300 миллион долларын калчай турган орунга келди. Мындай жооптуу кызматтарга Елисеевдин коюулуусуна анын президенттин уулу Максим Бакиевге жакындыгы себеп болуп жатканнын талдоочулар белгилеп келишет.

Ошентип шайлоодон кийин өлкөнүн финансы-экономикалык саясаты Елисеев аркылуу башкарыла турган болууда.

Ал эми шайлоодогу жеңишти майрамдоо башталды. Ал 31-июлда Чолпон-Ата шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген өлкөлөрдүн президенттеринин бейформал саммитинде апогейине жетет болуш керек. 31-июлда саммитке чогулган президенттер 1-августа Курманбек Бакиевдин алтымыш жашка чыкканын белгилеп, юбилярга каалоолорду айтаар.



  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG