Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:47

Укук коргоочулар айыпка жыгылды


Бишкектеги Биринчи май райондук соту Иран элчилигинин алдында акция өткөрүү үчүн бараткан укук коргоочулар баш болгон сегиз адамды административдик айыпка тартуу тууралуу чечим чыгарды. Укук коргоочулар бүгүн М. Горький атындагы гүлбакчага Ирандагы демократияны коргоп акция өткөрүшкөн. Андан соң Кыргызстандагы Иран элчилигине кайрылуу тапшыралы деп бараткан жерден милиция кызматкерлери кармап кеткен. "Тартип коргоо органдарына баш ийген жок, тынч жыйындарды өткөрүү тууралуу тартипти бузду" деген айып тагылган. “Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун башчысы Төлөкан Исмаилова “Азаттыкка” бул чечимди жокко чыгаруу үчүн соттун жогорку инстанцияларына кайрылышаарын билдирди. (EBM)

XS
SM
MD
LG