Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:01

Ооганстандын чыгышында жанкечтилер чабуулга өттү


Ооган бийликтеринин кабарына ылайык, Хост шаарында талибдер өкмөттүк имараттарга кол салды. Куралчандар ок атып, граната жардырышты. Бир нече жан кечти өздөрүн жардыра турган болгондо, аларды коопсуздук күчтөрү аткылады. Хост Кабулдан 150 чакырым түштүктө жайгашкан. Бутага алынган имараттардын арасында аймактык сот, прокурордун кеңсеси, өкмөттүк мейманкана, аскердик барактар бар экендиги кабарланууда. Ооганстанда келерки айда президенттик шайлоо өткөнү жатат.

XS
SM
MD
LG