Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:55

БШК президенттик шайлоонун жыйынтыгын эртең айтат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бегматов билдирди. Эртең БШК буга байланыштуу жыйынтыктоочу жыйынын куруп, кайсыл талапкер канча добушка ээ болгондугун ырасмий жарыяламакчы. Ушул тапта алдын-ала жыйынтыктарга караганда президент жана президенттикке талапкер Курманбек Бакиев 82,62 пайыз добушка ээ болду. Андан кийинки орундагы оппозициянын бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаев 7,95 пайыз добушту камсыз кылган. “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев 3 пайыздан ашыгыраак добуш алган болсо, калган талапкерлердин добуштары бир пайызга да жеткен эмес. (IJz)

XS
SM
MD
LG