Бул тууралуу Социал-демократтар партиясынын өкүлдөрү “Азаттыкка” билдиришти. Ал жакта ал бир катар мамлекеттик жогорку өкүлдөр менен жолугуп, өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөкчү. Алмазбек Атамбаев өзү “Азаттыкктын” суроолоруна жооп берип жатып, дүйнөлүк абройлуу уюмдар бул шайлоо ыплас өткөнүн айтышканын, ал арада КМШ өлкөлөрүнөн келген байкоочулар шайлоо таза өттү деп макташканын, андыктан Орусия лидерлерине шайлоо кандай өткөнүн түшүндүрүп коюу керек болуп турганын билдирген. А.Атамбаев Москвадан 28-июлда кайтып келип, 29-июлда өтө турган митингдердин башында турарын айтууда. (IJz)