Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

БШК ЕККУ байкоочулар миссиясына кат жолдоду


БШКнын төрагасы Дамир Лисовский ЕККУнун байкоочулар миссиясынын жетекчиси Радмила Шекеринскага кат жолдоп, анда шайлоодогу мыйзам бузуулар тууралуу ЕККУнун байкоочулары басма сөз каражаттарына берген маалыматтарды өз убагында БШКга кабарлабаганына түшүнбөгөндүгүн билдирет. Ошондой эле катта Дамир Лисовский аталган байкоочулар миссиясы белгилеген бардык мыйзам бузуулар комиссия тарабынан каралары, жыйынтыгы ЕККУга кабарланарын билдирген.

ЕККУнун байкоочулар миссиясы 23-июлдагы президенттик шайлоо ЕККУнун стандарттарына туура келбеген, одоно мыйзам бузуулар менен өткөндүгүн белгилеген. Ал эми ШКУга жана КМШга мүчө мамлекеттердин байкоочулары шайлоолор акыйкат өттү, деп эсептешет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG