Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:40

Ооганстанда “Талибан” кыймылына кысым күч алды


АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Ооганстанда “Талибан” кыймылына кысым күч алганын билдирди. NBC сыналгысына курган маегинде Клинтон айым Ооганстанга кошумча америкалык жоокерлер жиберилгенден сырткары, Пакистан да Ооганстан менен тогошкон чек аранын жанында талиптерге каршы күрөштү күчөткөнүн белгиледи. Кечээ (26-июлда) Ооганстандын вице-президенттигине талапкер Мохаммед Касим Фахимге кол салуу үчүн жоопкерчиликти талиптер өзүнө алышты.

XS
SM
MD
LG