Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:35

Күртистандагы шайлоонун жыйынтыгы чыгарылат

Ирактын Күртистан автономиялык районунда 25-июлда өткөн регионалдык парламенттин мүчөлөрүн жана автономиянын президентин шайлоонун жыйынтыктары бүгүн жарыяланат. Алдын-ала маалыматтарга караганда, эки негизги партиялар - Күртистан Демократиялык партиясы жана Күртистан Патриоттук биримдиги - кайрадан эле регионалдык парламентте көпчүлүк орунга ээ болот. Азыр аларга 111 орундуу парламенттеги 77 мандат таандык. Депутаттыкка майда партиялардын башын кошкон 22 блоктон 509 талапкер ат салышты. Кечээ оппозициялык “Горан-Өзгөрүү” партиясы Сулеймания шаарында жеңишке жетишкенин жарыялаган.
XS
SM
MD
LG