Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:28

Жорж Митчелл Египетке келди


АКШ президентинин Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарманы Жорж Митчелл Каирге Египеттин президенти Хосни Мубарак менен сүйлөшүү үчүн келди. Кечээ (26-июлда) Сирияда Жорж Митчелл Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жөнгө салууда расмий Дамаскты ар тараптуу кызматташтыкка чакырды. Сириянын президенти Башар Асад менен жолугушуудан кийин Жорж Митчелл Сирия менен Израилдин ортосундагы сүйлөшүүлөр жакында башталарын билдирди. Ушул эле күнү Жорж Митчелл Израилдин коргоо министри Эхуд Барак менен жолугушту. Жакынкы Чыгышка сапарынын алкагында Жорж Митчелл Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббас жана Израилдин өкмөт башчысы Бинямин Нетаняху менен жолугушары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG