“Азаттыктын” кабарчысынын маалыматына караганда Петровка жаңжалы боюнча айыпталып жатышкан “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев, “Болуш” коомунун башчысы Сапар Аргынбаев жана укук коргоочу Уран Рыскулов бир саат мурда соттун имаратына жеткирилди. Бул үч ишмер Петровка жаңжалын уюштурду деп айыпталып, Коопсуздук Комитетинин камагында апрелдин этегинен бери отурушат.
26-апрелде Москва районунун Петровка айылында жаңжал чыккан. Кыргыз жана орус улутундагы жергиликтүү тургундар күрд тургундарды айылдан чыгып кетүүгө мажбурлап, бир катар үйлөр бүлгүнгө учураган. Буга 4 жашар кыздын зордукталышы себеп болгон. Петровка жаңжалы боюнча бир нече кылмыш иши козголгон. Алардын ичинде үч жаран өздөрүнүн камалышын саясий себеп менен байланыштырышууда. (BuS)