Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:14

Петровка жаңжалы боюнча сот 5-августка жылды


Буга адвокаттардын жана котормочулардын жоктугу, имараттын тартыштыгы негиз болду. Мындай чечимди бүгүн Москва райондук соту кабыл алды. Ага жараша бүгүн эртең менен районго жеткирилген айыпталуучулар кайра Коопсуздук Комитетине кайтарылды. Петровка жаңжалын уюштурду деп “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев, “Болуш” коомунун башчысы Сапар Аргынбаев жана укук коргоочу Уран Рыскулов айыпталып, апрелдин аягынан бери Коопсуздук Комитетинин камагында отурушат. 26-апрелде Москва районунун Петровка айылында жаңжал чыккан. Кыргыз жана орус улутундагы жергиликтүү тургундар күрд тургундарды айылдан чыгып кетүүгө мажбурлап, бир катар үйлөр бүлгүнгө учураган. Буга 4 жашар кыздын зордукталышы себеп болгон. Буга күнөөлүү деген күрд улутундагы тургун камакка алынган. Петровка жаңжалы боюнча бир нече кылмыш иши козголгон. Алардын ичинде үч жаран өздөрүнүн камалышын саясий себеп менен байланыштырышууда. (BuS)

XS
SM
MD
LG