Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:54

5 шайлоо чөлкөмдө добуштар жараксыз деп табылды


Бул тууралуу бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында айтылды. БШКнын мүчөсү Алексей Елисеев комисия жалпысынан жүздөн ашуун арызды караганын, дооматтар боюнча катуу чечимдер кабыл алынып, беш шайлоо участкасында добуштар жараксыз деп табылганын билдирди. Арыздар негизинен бюллетендерди дүңүнөн салуу, добуш саноодо байкоочуларга тоскоолдук кылуу, бир эле адамдын бир нече жолу добуш берүүсү боюнча берилген. БШК келип түшкөн арыздарды дагы он күндүн ичинде карайт. Алардын айрымдары тартип коргоо органдарына дагы иликтөө үчүн жөнөтүлдү. БШК бул жыйында К. Бакиев президенттик шайлоодо жеңгендиги айтылган протокол кабыл алды. Добуштар жокко чыккан участкаларда кайрадан шайлоо өтпөй турганын билдирди. (EBM)

XS
SM
MD
LG