Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:04

Нарын шаарында кайгуул күзөт кызматынын саны көбөйдү


Мындай маалымат Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын кайгуул күзөт кызматынын командиринин орун басары Бакыт Калыгуловдон алынды. Анын маалыматында Нарын шаарында мурда алты бирдиктүү аймакта 17 кайгуул күзөт кызматкерлери иштеп келишкен. Ал эми учурда кайгуул күзөт кызматкерлеринин саны 33кө жетсе, бирдиктүү аймактардын саны дагы алтыга көбөйүп 12 ге жеткен. "Мындай иш чара коомчулуктан түшкөн арыздын негизинде Нарындын тынчтыгын жана коопсуздугун сактоо максатында жазалып, кечки саат 17ден түнкү 24кө чейин иштешмекчи",-дейт Б.Калыгулов. (JI)

XS
SM
MD
LG