Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:40

АКШнын Жакынкы Чыгыштагы тынчтык миссиясы уланууда


АКШнын Коргонуу катчысы Роберт Гейтс бүгүн Израилде Ирандын талаштуу ядролук программасын жана туңгуюктагы тынчтык жараянын талкуулап жатат. Гейст ушул күзгө чейин Тегеран АКШ менен сүйлөшүү сунушуна жооп берет деген үмүтүн билдирди. Израилдин Коргонуу министри Эхуд Барак өз кезегинде Ирандын ядролук куралга ээ болушуна жол бербөө үчүн эл аралык ыргактуу, координацияланган аракеттер зарыл экендигин айтты:
–Азыркы тапта артыкчылык дипломатияга, ашып кетсе санкцияларга берилиши керек, бирок Израил бардык чараларды караштырыш керек деген турумунан кайта элек,- деди Израил өкмөтүнүн өкүлү.

XS
SM
MD
LG