Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:02

Иранда кармалган демонстранттардын тагдыры чечилет


Өлкөнүн юстиция министри тийиштүү органдарга июндагы президенттик шайлоодон кийинки демонстрацияларда кармалгандардын маселесин бир жуманын ичинде аныктоого буйрук берди. Аятолла Махмуд Хашеми Шахруди «оор кылмыш кылбаган айыпкерлер бошотулушу керек» деп айтканын анын маалымат кызматы билдирди. Шахруди ошондой эле кармалгандардын укуктары бузулган- бузулбаганын иликтөөгө көрсөтмө берди. Маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, президент Махмуд Ахмединежад жеңди деп жарыяланган шайлоодон кийин камакка алынгандардын 300 камакта кала берип жатат.

XS
SM
MD
LG