Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:59

Алмазбек Атамбаев Москвадан кайтып келди


Алмазбек Атамбаев бүгүн эртең менен Бишкекке келип түштү. Ал 28-июлда маалымат жыйынын өткөрүп, эртең баштала турган митингдер, аларды уюштуруу иштери тууралуу маалымат берет. Анда Атамбаев маалымат каражаттары аркылуу элге кайрылмакчы жана эртеңки күнү жалпы өлкө боюнча баштала турган митингдердин алдыңкы сабында турарын билдирмекчи.
БЭКтин бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаев 26-июлда Москвага учуп кеткен эле. Оппозициялык кыймыл 29-июлдан тарта жер-жерлерде президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык митингдерин өткөрүүнү көздөөдө.

23-июлда болгон президенттик шайлоону эки талапкер: Алмазбек Атамбаев менен Жеңишбек Назаралиев легитимсиз деп таанып, добуш берүү күнүнүн экинчи жарымында ага катышуудан баш тартышкан. Алар буга шайлоонун өтө одоно мыйзам бузуулар менен коштолгондугун, БШК баш болгон шайлоо комиссиялары ага көз жуумп койгонун себеп кылышкан.

БШК шайлоо акыйкат өткөндүгүн белгилеп, анда азыркы президент Курманбек Бакиев 76% ашуун добуш менен утуп чыкканын жар салды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG