Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:16

Жорж Митчелл Махмуд Аббас менен сүйлөштү


АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарманы Жорж Митчелл аймактагы кырдаалды турукташтыруу үчүн Израил, Палестин жана араб өлкөлөрүн олуттуу аракет жасоого үндөдү. Жакынкы Чыгышка сапарынын алкагында Жорж Митчелл Египеттин президенти Хосни Мубарак, Сириянын лидери Башар Асад, Израилдин жетекчилиги жана Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббас менен жолугушту. Аббас менен сүйлөшүү маалында Жорж Митчелл Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жөнгө салууда Вашингтон бардык мүмкүн болгон аракеттерди көрөрүн билдирди. Жакынкы Чыгышка АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс жана улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Жеймс Жонс да жөнөп кетишти.

XS
SM
MD
LG